Расписание
Описание
🗓️17-18-апрель
🕰️саат 19:00
✍️Азиз Несин “Жан арманым” (комедия)
Жалгыздык… Куса… Эч кимге төгүлбөгөн сыр… Кокустук… Мунун баары ар адамдын тагдырында бар.
“Жан арманым” спектакли - адам баласы канча жашка чыкпасын жүрөктөгү жалын эч убакта өчпөстүгүн, адам бул жарык дүйнөдө адамга муктаж экенин, ар пенденин эч кимге ачпаган купуя сыры, көкүрөк көксөөсү жана жан арманы болоорун баяндайт.
Катышуучулар жана аткаруучулар:
* Контролёр – Нурканбек Турсунбаев, Кыргыз Республикасынын эл артисти
* Сиен – Сайрабүбү Мырзалиева, Кыргыз Республикасынын эл артисти; Гүлмира Кучербаева, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти
* Диха – Тынара Абдразаева, Кыргыз Республикасынын эл артисти; Вера Сариева, Кыргыз Республикасынын эл артисти
Коюучу топ:
• Которгон – Джыпаркүл Турсунбаева, Кыргыз Республикасынын маданиятынын мыкты кызматкери
* Режиссёр-коюучу – Эльвира Ибрагимова
* Сүрөтчү-коюучу – Юлдаш Нурматов, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер
* Режиссёрдун жардамчысы – Дамира Орозбекова
* Режиссёрдун ассистенти – Сайрабүбү Мырзалиева, Кыргыз Республикасынын эл артисти
Театрдын көркөм жетекчиси: А.Имашова КРнын Эмгек сиңирген артисти
Театрдын директору: А.Өзүбеков КРнын Эл артисти
